Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Белек берүү келишимин кантип жокко чыгарса болот? 

ID1754
Көрүүлөр: 510
Актуалдуу: 26-06-2024
QR Code

Белек берүү келишиминде белек берүүчү өз мүлкүн белек алуучуга акысыз өткөрүп берет. Белек алуучунун мойнуна эч кандай милдеттенмелер жүктөлбөйт. Келишимдин бул түрү тууралуу кенен маалыматты төмөндөгү макаладан таба аласыз: 

Белек берүү келишиминин кандай артыкчылык-кемчилиги бар? 

Белек берүү келишимин төмөнкү себептер боюнча жокко чыгарууга болот:

  • Белек алуучу белек берүүчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыш жасаганда.
  • Келишимде белек берүүчү белек алуучудан узак жашаса, келишимди жокко чыгара алат деп көрсөтүлгөндө.
  • Келишим жараксыз болгондо, мисалы, сатуу-сатып алуу келишимин белек берүү келишимин түзүү менен жаап-жашырган учурда.
  • Белек алуучуга мүлк өтпөй калганда же белек алуучудан кандайдыр бир шарттарды аткарууну талап кылышканда.
  • Белек берүү келишими өз аракеттерине жөндөмсүз адам тарабынан түзүлгөндө, ал адашып кол койгондо же аны келишим түзүүгө мажбурлашканда.

Белек берүү келишимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылыш керек. Доо арыз жоопкердин жашаган жери боюнча сотко берилет. 

Мамлекеттик алым талаштагы мүлктүн баасынан эсептелет. http://sot.kg/page/calculator сайтындагы калькуляторду колдонуп, “Доонун төмөнкүдөй баадагы доо арыздары” опциясын тандап, эсептеңиз. Эгерде келишимде баа көрсөтүлбөсө, эксперттик мүлктү баалоо талап кылынат.

Доо арыз берүү үчүн негизге карап төмөнкү документтердин керектүүсүн даярдаңыз:

  • Доо арыз берүүчүнүн паспорту. 
  • Белек берүү келишиминин көчүрмөсү.
  • Медициналык документтер же белек берүүчүнүн келишим түзүү учурундагы абалын көрсөткөн башка далилдер (зарыл учурда).
  • Адашуу же мажбурлоо тууралуу далилдер.
  • Келишимдин жараксыздыгын тастыктаган соттун чечимдери (эгер болсо).
  • Физикалык же психологиялык кысымды далилдөөчү документтер.
  • Мүлктүн баасын тастыктаган баалоо отчёту.
  • Мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция.
  • Жоопкерди сот иши жөнүндө кабардар болгонун тастыктаган документтер.




    Окшош суроолор