Салык мыйзамдарына ылайык, жаран сатып алган үйүн (батирин) же автоунаасын бир жыл ичинде кайрадан сатыкка чыгарса, анда ал алган кирешесинен 10% өлчөмдө салык төлөшү керек.
Эгерде мүлк ээси үйдү же машинаны бир жылдан ашык убакыт бою менчигинде кармаган болсо, анда ал эч кандай салык төлөбөйт.
Мисалы, сиз батирди 4 миллион сомго сатып алып, бир жылдын ичинде аны 4,8 миллион сомго саттыңыз дейли. Көргөн кирешеңиз 800 миң сом болуп жатат. Демек, ушул сумманын 10%ын же 80 миң сомду салык катары төлөөгө милдетүүсүз. Ошол эле батирди сатып алган күндөн кеминде 1 жыл өткөрүп сатсаңыз, анда салык төлөбөйсүз.
Чыгаша эске алынат. Жогорудагы мисалды эле уланталы. Сиз батирдин үстүнө 800 миң сом кошуп саткан менен аны оңдоп-түзөп, 300 миң сом чыгым кылгансыз дейли. Ошол чыгымдардын баарын документтер (чектер, квитанциялар ж.б.) далилдей алсаңыз, анда чыгымдарыңыз киреше суммасынан кемитилет да, ага салык алынбайт. Эгер далилиңиз жок болсо, канча айткан менен салыкты төлөшүңүзгө туура келет.
Ооба. Мүлк сатуу аркылуу киреше тапкан жарандар календардык жылдын аягына чейин салык декларациясын тапшырышы керек.
2022-жылдын ноябрынан тарта “Кадастр” жана “Унаа” ишканаларынын маалымат базалары Салык кызматынын системасына интеграцияланган. Бул соода-сатык келишимдерин анализдеп, салыктан качкандарды аныктоого мүмкүндүк берет.
Келишим тууралуу маалымат алынгандан кийин үй же машина алып-саткан жаранга салыкты төлөңүз деп эскертүү жиберишет. Эгерде салыктык карыз 15 күндүн ичинде төлөнсө, төлөөчү 50% өлчөмүндөгү туумдан бошотулат.