Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Банктын лицензиясын кайтарып алышса, кредитти кайда төлөш керек?

ID2860
Көрүүлөр: 56
Актуалдуу: 25-12-2024
QR Code

Сиз насыя алган банктын лицензиясы жокко чыгарылган менен, кредитти төлөө боюнча милдеттериңиз жоюлуп кетпейт. Кредиттик келишимде каралган графикке ылайык төлөмдөрдү жүргүзүүнү улантасыз. 

Реквизиттерди тактаңыз. Банктын лицензиясы кайтарылып алынгандан кийин  убактылуу администрация дайындалат. Ал кредиттерди төлөө тартибин аныктайт. Төлөмдөр үчүн жаңы реквизиттер тууралуу маалымат адатта Улуттук банктын расмий сайтына же банктын өзүнүн сайтына жарыяланат.

Квитанцияларды сактаңыз. Кредитти төлөгөнүңүз тууралуу квитанциялардын баарын сактаңыз. Талаш-тартыш жаралса, бул кагаздар сизге далил болуп берет. 

 Банк кимге өткөнүн карай жүрүңүз. Сиз кредит алган банктын активдери жана милдеттенмелери башка кредиттик уюмга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Бул учурда сизге жаңы кредитор жөнүндө кабар беришет жана жаңы төлөм реквизиттери берилет.

Жыйынтыктасак, банктын лицензиясын кайтарып алуу сизди насыя боюнча милдеттенмелерден бошотпойт. Кечиккен төлөмдөр айып пулга жана туумга алып келиши мүмкүн. Маалыматты тактоо үчүн Улуттук банкка же сиз кредит алган банктын убактылуу администрациясына кайрылыңыз.




    Окшош суроолор