Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Банк картасын кайсы учурда бөгөттөп салышат?

ID2867
Көрүүлөр: 93
Актуалдуу: 26-12-2024
QR Code

Картаны бөгөттөө (блоктоо) аркылуу банк өзүнүн системасын жана кардарды коргойт. Картага бөгөт коюунун негизги себептери банк менен түзүлгөн келишимде жана КРдин мыйзамдарында көрсөтүлгөн. Картаны блоктоого, стоп-баракчага кошууга же картаны алып салууга алып келчү негизги жагдайларды карап чыгалы. 

  1. Картанын ээси өз милдеттерин аткарбаган учурлар
    Эгер картанын ээси келишимдин шарттарын бузса, мисалы, карызын убагында төлөбөсө же карта менен байланышкан талаптарды аткарбаса, банк өз кызматын токтотууга укуктуу.
  2. Картаны пайдалануу эрежелерин бузуу
    Карта туура эмес колдонулса, мисалы, үчүнчү жактарга берилсе, уруксатсыз операциялар жүргүзүлсө же карта тыюу салынган максаттарда колдонулса, банк картаны блоктошу мүмкүн.
  3. Картанын жарактуу мөөнөтү аяктаса
    Картанын мөөнөтү бүткөндөн кийин активдүүлүгүн жоготот. Кардар банк кызматтарын улантууну кааласа, жаңы карта алышы керек.
  4. Банктык эсеп ачуу келишиминин бузулушу
    Эгер банк менен кардар ортосундагы келишим токтотулса, карта автоматтык түрдө блоктолот, анткени картанын иштеши активдүү банктык эсепке байланган. 
  5. Мыйзамда же келишимде көрсөтүлгөн башка учурлар
    Келишимде картаны тейлөөнү токтотуунун кошумча шарттары көрсөтүлүшү мүмкүн. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мисалы, шек туудурган алдамчылык аракеттерде карта блоктолушу мүмкүн.

Стоп-баракча — бул төлөм системасында операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынган карталардын тизмеси. Жоготуу, уурдатуу же алдамчылык сыяктуу шектүү жагдайларда картанын колдонулушунун алдын алуу үчүн аны стоп-баракчага киргизишет. 

Карта төмөнкү жагдайларда стоп-баракчага киргизилет:

  1. Картанын жоголушу же уурдалышы
    Картасы жоголуп же уурдалса, ээси дароо банкка кабар бериши керек. Банк картаны колдонууга бөгөт коюу үчүн стоп-баракчага киргизет.
  2. Картанын уруксатсыз колдонулушу
    Эгер карта ээси шектүү операцияларды же уруксатсыз колдонуу аракеттерин байкаса, банкка арыз бериши керек. Банк арызды кабыл алган учурдан тарта адатта картага тийиштүү кийинки операциялар үчүп жоокерчилик алат.

Банкка кабар берүү же арыз таштоонун тартиби келишимде аныкталат. Канчалык эрте аракеттенсеңиз, картадагы акчаңызга байланыштуу тобокелдиктер ошончолук азаят. 

Арыз берилгенге чейин картадагы операциялар үчүн жоопкерчиликти карта ээси алат. Арыз берилгенден кийин жоопкерчилик адатта банкка өтөт.

Жыйынтасак:

Картаны бөгөттөө —  карта ээси үчүн да, банк системасы үчүн да коргонуунун маанилүү куралы. Ыктымалдуу коркунучтар менен ыңгайсыздыктардан качуу үчүн карта ээлери келишимдин шарттарын кылдаттык менен изилдеп, картанын жарактуулук мөөнөтүн көзөмөлдөй жүрүшү керек. Шектүү жагдайлар тууралуу банкка өз убагында кабар бериши зарыл. 




    Окшош суроолор