Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Ээсиз мүлктү кантип менчиктештирсе болот?

ID2506
Көрүүлөр: 33
Актуалдуу: 03-12-2024
QR Code

Эгерде адам ээсиз (эч кимге тийиштүү болбогон) мүлктү узак убакыттан бери колдонуп келсе, ошол мүлктү менчиктештирүү укугуна ээ. Муну ээлик кылуунун эскилиги деген мыйзамдуу жол менен ишке ашырса болот. Жөнөкөй тил менен айтсак, бир жаран мүлктү (мисалы, үйдү, сарайды же машинаны) көп убакыттан бери колдонуп келди дейли. Бул аралыкта мүлктүн кожоюну “ бул мүлк меники” деп чыккан жок. Ушундай шартта мүлктү колдонуп келген адам аны өз менчигине өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок муну ишке ашыруу жеңил эмес, талаптары бар. 

Ээсиз мүлктү ээлик кылуунун эскилиги боюнча физикалык жактар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өзүнө өткөрө алышат.

  1. Пайдалануунун үзгүлтүксүз мөөнөтү:
  • Кыймылдуу мүлк үчүн 5 жыл.
  • Кыймылсыз мүлк үчүн 15 жыл. 
  • Мүлктү туруктуу колдонуп келгенин далилдеш керек, мисалы, чектер, талондор же эксплуатациялык тейлөө тууралуу документтер. 
  • Эгерде мүлктү пайдалануу убактылуу токтотулса (мисалы, объектти мөөрлөп кетишсе), анда мөөнөт үзгүлтүккө учурады деп саналат. 

2. Ээлик кылуунун ачыктыгы: 

Ээлик кылуу үчүнчү жактар жана бийлик органдары үчүн ачык-айрым болушу шарт. Ачык ээлик кылууну далилдөөнүн жолдору: 

  • Мүлктү тейлөө келишимдери: 
    • Мисалы: газ менен камсыздоо, электр жарыгы менен камсыздоо. 
  • Мүлктү баланска коюу тууралуу документтер: 
    • Мисалы: автоунааны, электр инструментин. 
  • Бийлик органдары менен документтештирилген алака: 
    • Мисалы: имаратты оңдоого алынган уруксат же дагы башка расмий кайрылуулар. 

3. Ээлик кылуунун ак ниеттиги

  • Ээлик кылуу башкалардын укуктарын бузбашы керек.
  • Ээлик кылып жаткан жаранга мүлк кимге таандык экени беймаалым болушу шарт.
  • Инвентардык карточка же менчиктештирүү планы менен ырасталат. 
  • Кыймылдуу мүлк үчүн: 
    • Эгер бардык шарттар (үзгүлтүксүздүк, ачыктык, ак ниеттик) сакталса, анда мүлк 5 жылдан кийин автоматтык түрдө өтөт. 
  • Кыймылдуу мүлк үчүн: 
    • Сотко доо арыз бериш керек. 
    • Эгерде мурдагы кожоюн белгисиз болсо, анда өзгөчө өндүрүш ачылат. 
  • Бардык шарттар сакталганын мүлккө талапкер болгон адам далилдеши керек. 
  • Эгерде талаш-тартыш жаралса (мисалы, башкалар “мен менчиктештирүүгө укуктуумун” деп чыкса), анда сот төмөндөгү жагдайларга басым жасап, ишти карайт:
    • Мурдагы кожоюн белгилүү беле?
    • Доогер мүлккө болгон укугунан пайдаланганбы?
    • Ээлик кылуу мурда талашылганбы?
  • Эгер сот оң чечим чыгарса, жаңы кожоюн менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрө алат. 
  • Эгер сот терс чечим чыгарса, анда жаран мыйзам аныктаган мөөнөт ичинде кийинки инстанциядагы сотко кайрыла алат. 




    Окшош суроолор