Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Товардагы баа менен кассадагы баа эки башка. Эмне кылса болот?

ID1964
Көрүүлөр: 369
Актуалдуу: 11-07-2024
QR Code

Сиз товарды тандап кассага келдиңиз. Кассадан өткөргөндө анын баасы чапталган баадан кымбат болуп чыкты. Сатуучулар “бааларды алмаштырганга жетишпей калдык” десе же дагы башка шылтоолорду айтса, үн катпай кетип калбаңыз. Керектөөчүлүк укугуңузду коргоңуз. 

Так эместиктин себеби-шылтоосу кандай болбосун, сиз товарды анда көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алууга укуктуусуз. 

Товардагы жана кассадагы бааларда айырма болгондо төмөндөгүдөй кадамдарды жасаңыз:

  1. Дүкөндүн кызматкерине кайрылыңыз: Баалардын айырмасы тууралуу айтыңыз. Мыйзам боюнча сиз товарды текчеде көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алууга укуктуусуз.
  2. Бааны сүрөткө тартыңыз: Эгер мүмкүн болсо, дүкөндүн текчесиндеги баанын сүрөтүн тартып алыңыз. Бул мындан аркы талаштарда жардам берет.
  3. Касса чегин сактап коюңуз: Эгерде товарды сатып алган болсоңуз, сөзсүз түрдө кассалык чекти сактап коюңуз.
  4. Дүкөндүн администрациясына кайрылыңыз: Эгерде кызматкер товарды анда көрсөтүлгөн баа боюнча сатууга макул болбосо, дүкөндүн администрациясына кайрылып, кырдаалды түшүндүрүп бериңиз.
  5. Антимонополиялык кызматка кайрылыңыз: Эгерде дүкөндүн администрациясы өз күнөөсүн моюнга албаса, антимонополиялык кызматка арыз жазыңыз.

Бааларды жогорулатуу үчүн жоопкерчилик: Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 390-беренесине ылайык, товарды сатуу учурунда анын таңгагында же тагылган этикеткасында көрсөтүлгөн бааны жогорулатуу үчүн айып пул салынат:

  • Жеке адамдарга – 10 эсептик көрсөткүчтө – 1000 сом.
  • Юридикалык жактарга – 50 эсептик көрсөткүчтө – 5000 сом​​.




    Окшош суроолор