Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Баламды чет өлкөгө алып чыгыш үчүн атасынан (апасынан) кантип уруксат алам?

ID1835
Көрүүлөр: 745
Актуалдуу: 03-07-2024
QR Code

 Эгерде ата-эне никеде турса, өзүнчө жашаса же ажырашкан болсо, анда бала менен чет өлкөгө чыгуу үчүн атасынын (апасынын) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.

Баланын сыртка чыгышына уруксат берип жаткан ата (апа) нотариуска кайрылат. Баланын чет жакка чыгышына жазуу жүзүндөгү макулдугун берет. Документте ата (апа) белгилүү бир өлкөгө, белгилүү бир мөөнөткө бала менен чыгууга макулдугун бергендигин, коштоп барган адамдын маалыматтарын, документтин жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүшү керек.

Нотариуска төмөндөгү документтер менен барыңыз:

    • Макулдугун берген атанын (апанын) паспорту. 
    • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
    • Баланын паспорту (эгер бар болсо). 

Эгерде ата (апа) макулдугун бербей жатса же анын жүргөн жери белгисиз болсо, сотко кайрылыш керек. Керектүү документтер:

  • Доо арызы.
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү. 
  • Ата-эненин паспортунун көчүрмөлөрү. 
  • Атасынын (апасынын) баш тартканын же аны табууга мүмкүн эместигин тастыктаган документтер.

Сот ишти берилген документтердин жана далилдердин негизинде карайт.

Эгерде чет жакка чыгуу баланын кызыкчылыгында болсо, сот атасынын (апасынын) макулдугусуз чыгууга уруксат берүү жөнүндө чечим чыгара алат. 

Баланын курагы он жаштан өйдө болсо, сот сөзсүз түрдө анын пикирин эске алат. 

Сотто ишти кароонун мөөнөтү – бир айдан ашык эмес. 

 Эгерде сот оң чечим чыгарса, анда атанын (апанын) макулдугун алмаштырган соттук акт берилет. Бул документти чек арада көрсөтөсүз.

 Бала менен чет өлкөгө чыгып жатканда уруксаттан тышкары төмөнкү документтер талап кылынышы мүмкүн:

  • Баланын чет өлкөлүк паспорту. 
  • Виза (эгер талап кылынса). 
  • Медициналык камсыздандыруу. 

Маанилүү:

Эрежелер сиз бара турган өлкөнүн мыйзамдарына, талаптарына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Чек арада көйгөй жаралбаш үчүн бараткан мамлекеттин бардык талаптарын алдын ала тактаңыз. 




    Окшош суроолор