Шартыңыз болбой жатса, кредиттин төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу сизге айып пулдан качууга, кредиттик таржымалыңызды жакшы сактап калууга жардам берет.
		
			
			1-кадам: Азыркы абалыңызды талдаңыз
		
		
			
	
	
	- Каржылык көйгөйүңүз канчалык олуттуу экенин, кредитти убагында төлөй башташ үчүн канча убакыт керектигин аныктаңыз.
 - Бюджетиңизди даярдап, кайсы чыгымдарды кыскартууга же оптималдаштырууга болорун баалаңыз.
 - Кредиттик келишимдин шарттарын окуп чыгып, төлөм мөөнөтүн жылдырууга эмне негиз боло аларын билиңиз.
 
		
			
			2-кадам: Банк менен байланышуу
		
		
			
	
	
	- Кредит алган банкка же кредиттик уюмга телефон чалып, абалыңызды түшүндүрүңүз.
 - Алар төлөмдү жылдыруу боюнча кандай варианттарды сунуштай аларын тактаңыз.
 
Жазуу жүзүндөгү арызды даярдоо:
- Төлөм мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчү менен банктын атына расмий арыз жазыңыз. Арызда каржылык кыйынчылыктарыңыздын себебин жана кайсы мөөнөткө жылдыруу керектигин көрсөтүңүз.
 - Арызга азыркы каржылык кыйынчылыгыңызды тастыктаган документтерди тиркеңиз (мисалы, киреше тууралуу маалымкат, убактылуу иштен бошонуу, медициналык маалымкаттар ж.б.).
 
		
			
			3-кадам: Банкка кайрылуу
		
		
			
	
	
	- Керектүү бардык документтерди алыңыз: паспорт, кредиттик келишим, финансылык кыйынчылыктарды тастыктаган документтер.
 
- Арызды жана чогултулган документтерди банктын тийиштүү бөлүмүнө тапшырыңыз. Арыз катталды деген кагазды сураңыз.
 
		
			
			4-кадам: Банктын чечимин күтүү
		
		
			
	
	
	- Банк сиздин арызыңызды карап чыгат жана төлөм жүргүзүү жөндөмүңүздү баалайт. Бул процесс бир нече күндөн бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн.
 
- Банк сизге чечими жөнүндө кабарлайт. Оң чечим кабыл алынган учурда сизге жаңы төлөм шарттары сунушталат.
 
		
			
			5-кадам: Кошумча келишимге кол коюу
		
		
			
	
	
	- Банктын оң жообун алган учурда сунушталган жаңы төлөм шарттарын талкуулаңыз. Сизге төлөмдөрдүн графигин өзгөртүү, ай сайын төлөнүүчү сумманы азайтуу же жеңилдик мөөнөтүн берүү сунушталышы мүмкүн.
 - Жаңы шарттарга макул болсоңуз, кредиттик кошумча келишимге кол коюңуз. Документте бардык шарттар жана мөөнөттөр так көрсөтүлгөнүнө ынаныңыз.
 
		
			
			6-кадам: Жаңы шарттарды аткаруу
		
		
			
	
	
	- Банк коюп берген жаңы төлөм графигин бузбай, кредитти убагында төлөңүз.
 
		
			
			Банк төлөм мөөнөтүн жылдыруудан баш тартсачы?
		
		
			
	
	
- 
Банк менен кайрадан байланышууга аракеттениңиз
- Баш тартуу себептерин тактоо үчүн банкка кайра байланышып көрүңүз.
 - Финансылык абалыңызды тастыктаган кошумча документтерди же маалыматтарды берүү аракетин көрүңүз.
 
Менеджер менен жолугушуу:
- Абалыңызды талкуулоо үчүн банктын менеджери менен жеке жолугушуу уюштуруңуз.
 - Финансылык кыйынчылыктарыңызды тастыктаган кошумча документтер менен жолугушууга даярданыңыз.
 
Даттануу менен кайрылуу
- Дооматтарыңызды көрсөтүп, банкка жазуу жүзүндө кайрылуу бериңиз. Бул кайрылуу 30 календардык күн ичинде каралып, сизге жазуу жүзүндө жооп берилиши керек.
 
Улуттук банкка кайрылуу:
- Эгер банктын жообуна макул болбосоңуз жана укугум бузулду деп эсептесеңиз, Улуттук банкка даттануу менен кайрылсаңыз болот. Улуттук банк мыйзам талаптарынын сакталышын текшерет, бирок келишим тараптарынын жарандык-укуктук мамилелерине кийлигишпейт.
 
Соттук териштирүү
Бейтарап сот:
- Келишимде талаш-тартыш болсо, бейтарап сотко кайрылса болот деп көрсөтүлсө, анда бейтарап сотко кайрылыңыз.
 
Жалпы юрисдикциядагы сот:
- Эгер тараптар макулдашууга келе алышпаса, укугуңузду коргоо үчүн банкты сотко бере аласыз. Соттук териштирүү талашты чечүүгө жана кызыкчылыктарыңызды коргоого жардам берет.