Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Баланы багып алуучу үй-бүлө болуш үчүн эмне кылуу керек?

ID1800
Көрүүлөр: 734
Актуалдуу: 28-06-2024
QR Code

Багып алуучу үй-бүлө — бул ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды келишим шартында убактылуу тарбиялоого алган үй-бүлө. Биологиялык ата-энеси өз милдеттерин кайра аткара алганга чейин же башкаларга асыроого берилгенге чейин бала багып алуучу үй-булөнүн колунда болуп, мындагылар бала үчүн өз үйүндөгүдөй камкордукту камсыз кылууга милдеттенишет. 

Үй-бүлөлүк атмосфера: Багып алуучу үй-бүлөдө балдар жылуу жана үй-бүлөлүк шартта жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул алардын эмоционалдык жана психологиялык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат.

 Социалдык салым: Багып алуучу ата-эне кызматы үчүн акы алат, бирок алар коомго чоң салым кошот. Алар кыйын турмуштук кырдаалга туш болгон балдарга камкордукту жана сүйүүнү берет. 

Балдар интернаттарына альтернатива: Багып алуучу үй-бүлөлөр балдарга интернаттагы/балдар үйүндөгү жашоодон алыс болуу мүмкүнчүлүгүн беришет, бул алардын өнүгүүсүнө жана жыргалчылыгына жакшы таасир этет.

Багып алуучу үй-бүлөгө жашы жеткенге чейин төмөнкү балдар жиберилет:

  • жетим балдар;
  •  ата-энелик укуктан ажыраган, ата-энесинин ата-энелик укуктары чектелген балдар;
  •  ата-энеси белгиленген тартипте жөндөмсүз же дайынсыз жок болуп эсептелген балдар;
  • ата-энеси соттолгон балдар;
  •  балдардын жашоосуна, психикалык жана физикалык ден соолугуна коркунуч болгон үй-бүлөлөрдөн тезинен алынган (физикалык, сексуалдык жана психологиялык зомбулукка дуушар болгон);
  • ата-энеси ден соолугунун айынан тарбиялай албаган жана бага албай калган балдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабай тарбиялоочу, дарылоо-алдын алуучу мекемелерде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде же башка ушул сыяктуу мекемелерде болгон, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
  •  18 жашка жете элек энеси менен бирге 3 жашка чейинки балдар;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар.

Кыргыз Республикасынын 30 жашка чыккан жана 65 жашка чыга элек эки жыныстагы жарандары баланы багып алуучу ата-эне болушу мүмкүн. 

Бирок белгилүү чектөөлөр бар. Төмөнкү категориядагы адамдар багып алуучу ата-эне боло албайт: 

  • Сот тарабынан жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адамдар.
  • Жубайлардын бирөөсү эле сот тарабынан жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда да бала асыроого уруксат жок. 
  • Ата-энелик укуктарынан ажыратылган же чектелген адамдар. 
  • Милдеттерин туура аткарбагандыгы үчүн камкорчулуктан четтетилген адамдар. 
  • Бала асырап алып, бирок талаптарды бузган үчүн бул укугунан ажыратылгандар. 
  • Ден соолугу ата-энелик милдеттерди аткарууга мүмкүнчүлүк бербеген адамдар.  
  • Баланы минималдуу жашоо деңгээли менен камсыз кыла албай турган адамдар. 
  • Туруктуу жашаган жери жоктор же турак-жайы санитардык нормаларга жооп бербеген адамдар. 
  • Адамдын өмүрүнө же ден соолугуна каршы кылмыш жасаган адамдар. 
  • Оор кылмышы үчүн соттуулугу алынбаган адамдар. 

1) тезинен жайгаштыруу – бир нече сааттан бир суткага чейинки мөөнөткө, эгерде бала коркунучта болсо же ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан ташталган болсо;

2) кыска мөөнөткө жайгаштыруу – бир айга чейинки мөөнөткө;

3) орто мөөнөткө жайгаштыруу – алты айга чейинки мөөнөткө;

4) мезгил-мезгили менен жайгаштыруу – бир нече күнгө, эс алуу күндөрүнө, каникулдарга;

5) узак мөөнөткө жайгаштыруу – алты айдан ашык мөөнөткө.

Балдарды багып алуучу үй-бүлөгө узак мөөнөткө тарбиялоого берүү, аларды асырап алууга же камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) берүүгө мүмкүн болбогон учурда ишке ашырылат.

  • арыз;
  • арыз ээсинин (арыз ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
  • никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк (эгер никеде турса);
  • жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугу (эгер никеде турса);
  • жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
  • турак жайга менчик укугун ырастоочу документ, жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайды ижарага алуу жөнүндө келишим;
  • жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу ички иштер органдарынын маалым каты;
  • тарбиялоого баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн  ден соолугу боюнча медициналык корутунду, алардын дени сактыгын, анын ичинде баңгизатка, алкоголго көз карандылыгы жоктугун, психикалык жактан оорубай турганын тастыкташы керек. 
  • иштеген жеринен мүнөздөмө, же жашаган жери боюнча кошуналардын пикирлери (3төн кем эмес).

Документтердин баары райондук/шаардык социалдык камсыздоо башкармалыгына тапшырылат. 

Социалдык камсыздоо башкармалыгы баланы (балдарды) тарбиялоону каалаган адамдардын жашоо шарттарын текшерет. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жашоо шарттарынын актысы түзүлөт.

Баланы тарбиялоону каалаган адамдар документтерди тапшырганга чейин атайын окутуудан өтүшөт. Окутуудан өткөндүгү тууралуу сертификат алгандан кийин социалдык камсыздоо башкармалыгы багып алуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдайт.

Корутунду оң чыкса, социалдык камсыздоо мекемеси балдар жөнүндө маалымат берет. Бала (балдар) тандалгандан кийин соцкамсыздоо адистери балдарды коргоо комиссиясынын кароосуна келишимди киргизет.

Багып алуучу үй-бүлөгө Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өлчөмдө ай сайын эмгек акы төлөнөт. Мындан тышкары балага зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн каражат бөлүнөт. Бул акча баланын ден соолугу, тамак-ашы, билими, кийим-кечеси, оюнчугу ж.б. зарыл нерселер үчүн каралган. 

Кенен маалымат: Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө жобо.




    Окшош суроолор