Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Мурдагы жубайымдан өзүм үчүн алиментти кантип өндүрө алам? 

ID1338
Көрүүлөр: 63
Актуалдуу: 24-04-2024
QR Code

Ажырашкан соң мурдагы жубайлар бири-биринен алимент талап кылууга укуктуу. Бул үчүн бирөөсүндө муктаждык, экинчисинде мүмкүнчүлүк жана төмөндөгүдөй шарттар болушу керек: 

  • аял кош бойлуу;
  • аял (же күйөө) үч жашка чейинки баланы карап отурат;
  • аял (же күйөө) 18 жашка толо элек мүмкүнчүлүгү чектелүү баласын же 18ден өткөн, бирок бала кезден 1-топтогу майыптыкты алган баласын карап отурат;
  • аял (же күйөө) ажырашканга чейин же ажырашкандан кийин бир жыл ичинде эмгекке жарамсыз болуп калды;
  • көп жыл бою никеде туруп, ажырашкандан кийинки беш жыл аралыгында аял (же күйөө) пенсия курагына жеткен болсо. 

Алкоголго, баңгизатына көз каранды болсо, кылмышка кириптер болсо, никеси аз гана убакытка созулса же үй-бүлөдөгү татыксыз жүрүм-турумдан улам сот жубайлардын бирин экинчисин багуу милдетинен бошотуп же ал милдетти чектеши мүмкүн. 

Эгерде мурдагы жубайлардын ортосунда өз ара макулдашуу жок болсо, сот кирешени, дагы башка маанилүү жагдайларды эске алуу менен алименттин өлчөмүн аныктайт. 

1-кадам: Төмөнкү документтерди даярдаңыз

  • Нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • Паспортуңуздун көчүрмөсү;
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • Сиздин материалдык абалыңыз жөнүндө маалымкат;
  • Мурдагы жубайыңыздын эмгек акысы жөнүндө маалымкат;
  • Бала сиздин багууңузда экенин ырастаган маалымкат, аны мэрия же айыл өкмөтү берет;
  • До арыз (доо арыздын үлгүсүн материалдын аягынан жүктөп алсаңыз болот);
  • Доо арыз мурдагы жубайыңызга жөнөнүлгөндүгүнүн далили (почта квитанциясы).

2-кадам: Сотко кайрылыңыз

Жашаган жериңиз боюнча сотко алимент өндүрүү арызы менен кайрылыңыз. 

3-кадам: Соттук териштирүүлөргө катышыңыз

Сот процессине активдүү катышып, өз талабыңызды кубаттаган далилдерди жана аргументтерди бериңиз. 

4-кадам: Чечимди алыңыз

Соттун чечими сиздин пайдаңызга болсо, анын аткарылышына көз салыңыз. Соттун чечимине карабай, мурдагы жубайыңыз алиментти төлөбөй жатса, анда сот аткаруучуларга жарадм сурап кайрылыңыз.




    Окшош суроолор