Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптыгы бар балага кантип жөлөк пул алса болот?

ID563
Көрүүлөр: 128
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code
  • арыз ээсинин паспорту;
  • баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу маалыматы/күбөлүгү;
  • жашаган жери боюнча маалыматтар (эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана);
  • майыптыгын тастыктаган МСЭКтин корутундусу.

 

  1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – https://portal.tunduk.kg/ 

Бул кызматтан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери гана пайдалана алышат.

Көңүл буруңуз: эгерде жаран баланын камкорчусу/көзөмөлчүсү же ишенимдүү адамы болсо, анда тиешелүү райондун аймактык бөлүмүнө жеке өзү кайрылып, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты же камкорчу/көзөмөлчү болуп дайындоо жөнүндө соттун чечимин бериши керек.

Электрондук кызматты колдонуу үчүн:

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү;
  • Кызматтар каталогунан каалаган кызматты тандоо;
  • Кызмат алууга табыштаманы тариздөө;
  • Жеке кабинетте “алынган кызматтар” бөлүмүнөн өтүнмөңүздүн иштеп чыгуу статусун карасаңыз болот.

2. Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин жашаган жериңиздеги аймактык бөлүмүнө кайрылыңыз. Бөлүмдөрдүн даректерин шилтеме боюнча көрсө болот: https://mlsp.gov.kg/ru/spravochnik-mtsr/ 

 

Арыз берилгенден тарта 10 жумушчу күндүн ичинде чечим кабыл алынат.

Кандай чечим чыгышы мүмкүн: 

  • майыптык боюнча жөлөк пулду дайындоо;
  • жөлөк пул дайындоодон баш тартуу, бул учурда баш тартуунун себептери жана даттануу жолдору боюнча түшүндүрмө берилет;
  • кошумча документтерди суроо, сиз аларды 3 айдын ичинде тапшыра аласыз. 

Банктар дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, ар бир айдын 10-күнүнөн тарта жөлөк пулду төлөй баштайт. 

Майыптык боюнча жөлөк пулду дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси эске алынбайт. Анын өлчөмү мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жана экономикага жараша каралып турат. 

2024-жылга карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ай сайын 8000 сомдон жөлөк пул алышат.




    Окшош суроолор