Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Никени кантип катташ керек?

ID957
Көрүүлөр: 180
Актуалдуу: 11-04-2024
QR Code

Никеге турууну мамлекеттик каттоо болочок жубайлардын биринин же алардын ата-энелеринин жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.   

ЖААК (ЗАГС) мекемесине болочок жубайлар биргелешкен арызды берген күндөн тартып бир ай өткөн соң гана нике расмий катталат. 

Никеге турууну каалаган болочок жубайлар ЗАГС органына жазуу жүзүндө арыз берүүгө милдеттүү. Арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:

  • экөөнүн тең толук аты-жөнү, туулган күнү жана жери, нике катталган учурдагы жашы, жарандыгы, улуту, жашаган жери;
  • никеден кийин кайсы фамилияда болушары;
  • ар бир өнөктөштүн инсандыгын тастыктаган документтер жөнүндө маалыматтар.

Арыз болочок жубайлар никеге өз каалоосу менен туруп жатканын, никени каттоого эч кандай тоскоолдук жоктугун тастыктайт. 

Керектүү документтер:

  • болочок жубайлардын паспорттору;
  • мурунку никени бузуу күбөлүгү (эгер бар болсо);
  • мурунку жубайынын өлүмү жөнүндө күбөлүк (эгер бар болсо);
  • нике курагына жете элек учурда никеге турууга уруксат кагазы;
  • мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.

Эгерде өнөктөштөрдүн бири ЗАГСка жеке өзү кайрыла албаса, анын макулдугу өзүнчө арыз аркылуу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кол тамга менен таризделиши мүмкүн.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн кошумча талаптар:

  • чет өлкөлүк жарандын паспорту жана анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кыргыз же орус тилиндеги котормосу;
  • жарандыгы кайсы өлкөгө таандык болсо, ошол өлкөдө никеси жоктугун ырастаган маалымкат, ал мыйзамдаштырылган же апостиль менен болушу керек.



  • Кош бойлуу болгондо, балалуу болгондо же өнөктөштөрдүн биринин өмүрүнө коркунуч туулса, нике арыз берилген күнү дароо катталышы мүмкүн. 

  • Өз ара макулдашуу жана нике курагына жетүү (18 жаш) зарыл. 
  • Нике эки тараптын тең катышуусу менен түзүлөт.
  • Эгерде жүйөлүү себептер болсо, жергиликтүү бийлик никеге туруу курагын бир жылга кыскарта алат. Бул үчүн балдарды коргоо менен алектенген атайын комиссиядан уруксат алуу керек.

Никеде тургандардын, жакын туугандардын, асырап алуучулардын жана асырап алынгандардын, ошондой эле аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдардын ортосунда никеге жол берилбейт.

  • Никеге турардан мурда медициналык кароодон өтүү, генетикалык маселелер жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кеп-кеңеш алуу сунушталат. 

  • Эгерде өнөктөштөрдүн бири жыныстык жол менен жугуучу оорулар же ВИЧ инфекциясы жөнүндө маалыматты жашырса, экинчи өнөктөш никени жараксыз деп табууну талап кылууга укуктуу.
  • Атайын бланктын өздүк наркы.
  • Никеге турууну каттоо үчүн мамлекеттик алым – 25 сом. 

Мындан тышкары, акы төлөнүүчү кызматтардын реестрине ылайык, жарандык абалдын актыларын жазуу органдары төмөнкү кызматтарды көрсөтүшөт:

  • Никелешүүнү салтанаттуу каттоону арыз ээсинин каалоосу боюнча республиканын райондук ЖААК органдарында имараттан тышкары өткөрүү – 1265 сом;
  • Никелешүүнү салтанаттуу каттоону арыз ээсинин каалоосу боюнча Бишкек жана Ош шаарлары боюнча ЖААК бөлүмдөрү тарабынан имараттан тышкары өткөрүү – 2565 сом;
  • Никелешүүнү салтанаттуу каттоону арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча республиканын райондук ЖААК бөлүмдөрүндө өткөрүү – 556 сом;
  • Арыз ээсинин каалоосу боюнча Бишкек шаарынын нике сарайында никени салтанаттуу каттоону өткөрүү – 1732 сом.
  • Арыз ээсининин каалоосу менен никелешүүнү салтанаттуу каттоону ЗАГС имаратынан тышкары жайда Бишкек жана Ош шаарлары боюнча мобилдик топ борбору тарабынан өткөрүү – 5423 сом. 




    Окшош суроолор