Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Керээз кат жок учурда мурас кантип бөлүштүрүлөт?

ID1512
Көрүүлөр: 144
Актуалдуу: 15-05-2024
QR Code

Эгерде маркум керээз кат калтырып кетсе, мурас анын эрки боюнча бөлүштүрүлөт. Керээз каты жок болсо же кат жараксыз деп табылса, анда маркумдун тапкан-тутканы мыйзам боюнча бөлүштүрүлөт. 

Мурасты ачуу — бул маркумдун укуктарын жана милдеттерин мураскорлорго өткөрүү ишинин башталышы. Бул юридикалык жагдай мурас калтыруучу көз жумган учурда пайда болот.  

Мурасты ачуу мыйзам тилинде абдан маанилүү, себептери бир топ: 

  1. Мөөнөт: Мурас ачылары менен мурасты алуунун мөөнөтү, мураска талап коюунун мөөнөтү сыяктуу абдан маанилүү убакыт чектери башталат. Мисалы, мурасты алууга адатта маркум өлгөндөн тарта 6 ай убакыт чектелген. 
  2. Мураскорлорду аныктоо: Керээз кат же мыйзам боюнча ким мураскор болору аныкталат. 
  3. Мүлктү тактоо: Маркумдун мал-мүлкүн, анын ичинде бардык мүлктүк укуктарын жана милдеттерин тактоо, баалоо процесси башталат. 

Мурас ачылгандан кийин мураскорлор мураска болгон укугун тариздеш үчүн нотариуска кайрылышы керек. 

  • Мурас ачылчу жер деп маркумдун акыркы кездеги туруктуу жашаган дареги саналат.
  • Эгерде маркумдун кайда жашаганы белгисиз болсо же ал чет өлкөдө жүрүп каза тапса, анда мурас кыймылсыз мүлк жайгашкан жерде ачылат.
  • Эгерде кыймылсыз мүлкү жок болсо, анда кыймылдуу мүлкүнүн басымдуу бөлүгү кайcы жерде болсо, мурас ошол жерде ачылат. 

Адам керээз катын жазса, адатта бул жөнүндө көзү барында эле мураскорлоруна кабар берет. Маркумдун керээз каты барбы-жокпу, бар болсо буга чейин айтып жүргөн чечимин өзгөрткөн эмеспи? Муну такташ үчүн мамлекеттик нотариуска кайрылыңыз. Мурам калтыруучунун өлгөнү тууралуу маалымкаттын жана алфавиттик китепченин жардамында керээз каттын бар же жогун текшерип беришет. 

Мураскорлордун биринчи кезеги

 Маркумдун балдары (анын ичинде асырандылар), ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси (асырап алгандар). Эгерде маркумдун артындагы уул-кызы каза болуп калса, анда неберели биринчи кезектегилердин катарына кошулат. 

Мураскорлордун экинчи кезеги

 Эгерде биринчи кезектеги мураскорлор жок болсо, маркумдун бир туугандары, анын ичинде аталаш же энелеш бир туугандары, чоң атасы жана таятасы, чоң энеси жана таянеси мураска ээ болот. 

Мураскорлордун үчүнчү кезеги

 Эгерде биринчи жана экинчи кезектеги мураскорлор жок болсо, маркумдун ата-энесинин ага-инилери жана эже-карындаштары барабар үлүштөрдө мураска ээ болушат. 

Кийинки кезектердеги мураскорлор

 Эгерде биринчи, экинчи жана үчүнчү кезектеги мураскорлор жок болсо, маркумдун мурунку кезектеги мураскорлоруна кирбеген үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи даражадагы туугандары мурасты алат. 

Тууганчылыктын даражасы туугандарды бири-биринен ажыраткан төрөлүүлөрдүн саны менен аныкталат. Мурас калтыруучунун өзүнүн төрөлүшү бул санга кирбейт.

  • Төртүнчү кезектеги мураскорлор — тууганчылыктын үчүнчү даражадагы туугандары —  маркумдун чоң атасынын-таятасынын аталары, чоң энесинин-таенесинин энелери;
  • Бешинчи кезектеги мураскорлор — тууганчылыктын төртүнчү даражадагы туугандары – мурас калтыруучунун бир тууган ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары (бир туугандарынын неберелери жана жээндери) жана анын чоң ата-таятасынын жана чоң эне-таенесинин бир тууган ага-инилери жана эже-карындаштары (бир ата өткөн чоң ата-таяталары жана чоң эне-таенелери);
  • Алтынчы кезектеги мураскорлор — тууганчылыктын бешинчи даражадагы туугандары – мурас калтыруучунун аталаш-энелеш неберелеринин балдары (бир туугандарынын чөбөрөлөрү), анын бир ата өткөн ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары (бир ата өткөн неберелери жана жээндери) жана анын бир ата өткөн чоң ата-таятасынын жана чоң эне-таенесинин балдары (бир ата өткөн агалары жана таежелери);
  • Жетинчи кезектеги мураскорлор катары мурас калтыруучунун өгөй балдары, өгөй атасы жана өгөй энеси чакырылат. 

Көңүл буруңуз! Үйдүн ичиндеги буюм-тайымдар соңку бир жылда маркум менен чогуу жашаган мураскорлорго калат, мында кезек же мурастык үлүш эске алынбайт. 

  1. Ыктымалдуу мурас калтыруучуну же мураскорду атайылап өлтүргөндөр же өлтүрүүгө аракет кылгандар керээз боюнча да, мыйзам боюнча да мурасты ала алышпайт. Эгерде керээз кат кол салуудан кийин түзүлсө, анда ал күчүн жоготпойт. 
  2. Мурас калтыруучунун соңку эркин билдиришине тоскоол болгондор же мурастагы өз үлүшүн көбөйтүүгө аракет кылгандар да мурас ала алышпайт. 
  3. Ата-энелик укугунан ажыратылып, анысын мурас ачылган учурда калыбына келтире элек ата-энелер, ошондой эле мурас калтыруучуну багуудан качкан ата-энелер жана жашы жеткен балдар мыйзам боюнча мураска ээ боло алышпайт. 

Татыксыз мураскорлорду мурастан ажыратуу чечимин сот кабыл алат. Сотко болсо андай мураскорлорду четтетүүнү каалаган адам доо менен кайрылышы керек. 

Бул эрежелер бардык мураскорлорго, анын ичинде мураста милдеттүү үлүшкө укугу барларга да жайылтылат. 

1-кадам: Мурас калтыруучунун өлгөнүн тастыктоо

Биринчи кезекте мурас калтыруучунун өлгөнү тууралуу расмий маалымкатты алыш керек. Муну ЗАГС органы берет. 

2-кадам: Мураскорлорду аныктоо

Мыйзам мураскордун кезегин аныктайт. Биринчи кезекте маркумдун балдары, жубайы, ата-энеси турат. Булар жок болсо, кийинки кезектегилер чакыртылат. Бул тууралуу төртүнчү суроодо кенен токтолдук. 

3-кадам: Нотариуска кайрылуу

Мурастоо ишин башташ үчүн маркумдун акыркы жашаган жери же анын мүлкү турган жер боюнча нотариуска кайрылыш керек. Нотариус мурас ишин ачып, керектүү юридикалык кадамдардын баарын жасайт. 

4-кадам: Документтерди чогултуу

Нотариуска төмөндөгү документтерди алып барыш керек: 

  • Паспорт;
  • Мурасты кабыл алуу тууралуу арыз; 
  • Мурас калтыруучунун өлгөнү тууралуу маалымкат;
  • Маркум менен мураскордун туугандык жайын ырастаган документтер (туулгандыгы тууралуу, нике тууралуу күбөлүктөр ж.б.);
  • Маркумдун кыймылсыз мүлккө укугун ырастаган документ;
  • Мамлекеттик каттоо кызматынан кыйлмылсыз мүлккө укукту ырастаган көчүрмө;
  • Эгерде үй приватташтырылган болсо, үй башкармалыгы (кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) сыяктуу уюмдардан үй-бүлөнүн курамы же приватташтыруунун катышуучулары тууралуу маалымкат;
  • Үй приватташтырылган болсо, приватташтыруунун бардык катышуучулуларынан мурасты кабыл алууга макулдук. 

5-кадам: Мүлктү тактоо

Мураскорлордун арызы менен мурас ачылгандан тарта алты айдын ичинде мамлекеттик нотариус мурастык мүлктүн тизмесин тактап, аны коргоо жана башкаруу үчүн дайындалган башкаруучуга тапшырат. Тизмектөө кызыкдар тараптардын жана экиден кем эмес күбөнүн катышуусунда жасалат. 

6-кадам: Салык жана карыздарды төлөө

Маркумдун мураскорлорго үй-мүлкү гана эмес, карыздары да калат. Мунун баарын мураскорлор төлөшү керек. Ошондой эле маркумдун дарылануусуна, аны жерге берүүгө, анын керээзин аткарууга байланыштуу чыгымдар да төлөнөт. Ушундан кийин гана мүлктү бөлүштүрүү башталат. 

7-кадам: Мураска укук күбөлүгүн алуу 

Бардык талаптар аткарылып, карыздар төлөнгөндөн кийин мураскорлор мураска укукту тастыктаган күбөлүктү алышат. Бул документ алардын маркумдан калган мүлкүнө укугун ырастайт. 

8-кадам: Менчик укугун каттоо

Күбөлүктү алып мураскорлор “Кадастр” мекемесине кайрылып, менчик укугун өз атына каттатат. 

Мурасты алуу процесси маркумдан калган мүлккө, мураскорлор ортосундагы талашка карап ар кандай мөөнөткө созулушу ыктымал. 




    Окшош суроолор