Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кандай учурда ата-энелик укуктан ажыратылат?

ID1271
Көрүүлөр: 65
Актуалдуу: 22-04-2024
QR Code

Ата да, эне да ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн. Буга баланы тарбиялоо жана багуу милдетинен качуу, балага зомбулук көрсөтүү, алкоголго көз карандылык сыяктуу бир топ жагдайлар негиз болот. Келиңиз, маселени ирети менен карап чыгалы. 

Ата-энелер төмөнкү аракеттери үчүн ата-энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн:

  • ата-энелик милдеттерин аткарбаса, анын ичинде алимент төлөбөсө;
  • баланы медициналык же социалдык мекемелерден  алып кетүүдөн себепсиз баш тартканда;
  • ата-энелик укуктарын кыянаттык менен пайдаланганда;
  • балдарга физикалык же психологиялык зомбулук көрсөтсө;
  • баланын жыныстык кол тийбестигин бузса;
  • алкоголдук ичимдиктерге жана баңгизатына көз каранды болсо;
  • балдарынын же жубайынын өмүрүнө, ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаган болсо;
  • жашы жете элек балдарынын үй-жайсыз калышына жол ачса;
  • балдарды эмгектин оор түрлөрүнө тартса.

Ата-энелик укуктан ажыратуу сотто гана чечилет. Сотко ата-энелердин бирөөсү эле эмес, прокурор, балдардын укугун коргоо менен алектенген комиссия жана органдар, балдар үйү сыяктуу мекемелер да кайрыла алышат.  

Сотко прокурор жана балдардын укугун коргоо боюнча атайын кызматтар сөзсүз түрдө катышат. Сот ата-энелик укугунан ажыратылып жаткан атадан (энеден) балага алимент өндүрүү жагын да чечет. Эгерде сот процессинде ата-эне баласына же үй-бүлөдөгү башка кишилерге карата кылмыш жасаганы аныкталса, анда сот бул тууралуу прокурорго билдирет. 

Сот чечим чыгарат. Чечимдин көчүрмөсү ЗАГС органына жана балдарды коргоо кызматтарына жиберилет. Ошентип, ата-энелик укуктан ажыратуу расмий түрдө катталат. 

 

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча ата-энелик укуктан ажыратуу сот аркылуу гана ишке ашат.

Кээде ата-энелердин арасында “бала сенде калсын, сотто териштирип, ашыкча баш оорутпайлы” дегендер болот. Мындайда ал адамдан “баланы тарбиялоодон өз эрким менен баш тартам, ата-энелик укуктан ажыратуу ишин менин катышуумсуз эле карай бериңиздер” деген билдирүү алып, нотариуста күбөлөндүрүш керек. Нотариус кеңселеринде андай билдирүүнүн үлгүсү бар. 

Андан кийин мамлекеттик алымды төлөп, ата-энелик укуктан ажыратуу доо арызын сотко бериш керек, доодо “ата-энелик милдеттерин аткарбайт, алимент төлөбөйт” деген сыяктуу себептерди келтирүү зарыл. Доо арызга атанын (эненин) баладан ыктыярдуу баш тартуу боюнча билдирүүсүн, дагы башка зарыл документтерди тиркейсиз.

  1. Документтерди даярдаңыз

Ата-энелик укуктан ажыратууга негиз болуп берчү бардык документтерди, далилдерди чогултуңуз. Мисалы, алимент боюнча карызы бар экенин көрсөткөн маалымкат, наркологиядан маалымкат, укук коргоо органдарынын актылары, кылмыш жоопкерчилигине тартылганы, баланын чет өлкөгө чыгышына тоскоолдук жаратканы боюнча далилдер ж.б.

2. Доо арыз бериңиз

Доо арызды өзүңүздүн же жоопкердин жашаган жери боюнча сотко бересиз. 

Доо арызда төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

  • Соттун толук аталышы.
  • Доогердин жана жоопкердин (ата-эненин) жеке маалыматтары.
  • Ата-энелик укуктан ажыратуу үчүн кандай негиздер болсо, баарын так көрсөтүү.
  • Тиркелген документтердин тизмеси.

Материалдын аягында доо арыздын үлгүсү тиркелген, жүктөп алсаңыз болот. 

   3. Соттук териштирүү

Сотто бул иш прокурордун жана балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен каралат. Сот берилген далилдерди баалап, баланын кызыкчылыгына жараша чечим чыгарат.

4. Соттун чечими

Эгерде сот доонун негиздерин негиздүү деп тапса, анда ал ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө чечим чыгарат. Андан кийин чечим ЗАГС органдарына жиберилет да, тийиштүү документтерге өзгөртүүлөр киргизилет. 

Соттун чечими тигил же бул жакты канааттандырбаса, чечим чыккан күндөн тартып 30 күндүн ичинде апелляциялык тартипте даттанса болот.

5. Ата-энелик укуктан ажыратуунун кесепеттери

 Ата-энелик укугунан ажыратылган адам балага болгон бардык укуктарын, анын ичинде баланы тарбиялоо жана анын жашоосуна катышуу, ошондой эле ата-энелер үчүн каралган жөлөк пулдарды жана жеңилдиктерди алуу укуктарын жоготот. Ошондой эле балдарынан кийин мурас алууга укугу да жоюлат. 

Жок, андай эмес.  Ата-энелик укугунан ажыратуу ата-энени баланы багуу милдетинен бошотпойт. Атасынын же апасынын тарбиясынан ажыратылган бала турак-жайга менчик укугун, ал жайды пайдалануу укугун жана мурастоо укугун, туугандык менен байланышкан башка мүлктүк укуктарын сактап калат.




    Окшош суроолор