Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Балага алиментти кантип өндүрсө болот?

ID809
Көрүүлөр: 226
Актуалдуу: 11-04-2024
QR Code

Иш жүзүндө мамиледен кол үзүү жана балдарды камсыздоо боюнча милдеттерди аткарбоо алиментти өндүрүүгө негиз болуп саналат. Маселени эки тарап өз ара келишип чечип алса болот. Келише албай жатышса, сотко кайрылыш керек.

Биринчи кадам – алимент төлөөнү эки тарап өз алдынча сүйлөшүп, чечишип алуу аракети. Эгерде эки тарап маселени макулдаша алса, анда мунун баарын кагаз жүзүндө бекемдеп, нотариус аркылуу күбөлөндүрүш керек. 

Эгер тараптар тынчтык жолу менен өз ара бир пикирге келе албаса, анда сотко кайрылыш керек. Процессуалдык мыйзамдарга ылайык, сотко алиментти өндүрүүгө соттук буйрукту берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Буйруктук өндүрүш сот процессин жөнөкөйлөтөт, башкача айтканда, буйрук жоопкердин катышуусу жок эле чыгарылышы мүмкүн. Бирок жоопкер “мага жетиштүү кабар берилген жок” деген таризде чечимди талашуу тобокелдиги бар.

Алимент өндүрүү боюнча арызды ата-эне, камкорчу же балдарды коргоо органы бере алат. 

Керектүү документтер:

  • алимент өндүрүү жөнүндө арыз;
  • нике күбөлүгү (эгер сиз соттолуучу менен никеде болсоңуз);
  • балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
  • жоопкердин кирешесин тастыктаган документтер (эгер болсо);
  • алименттин зарылдыгын жана талап кылынган каражаттын көлөмүн тастыктаган башка документтер.
  • Алдын ала отурум: сот маселени тынчтык жолу менен чечүүнү талкуулаш үчүн алдын ала отурумдун күнүн белгилейт. 

    Негизги угуулар: эгерде тынчтык жолу менен чечим табылбаса, анда ар бир тарап өз аргументтерин, далилдерин жана күбөлөрүн көрсөтө турган негизги угуулар дайындалат.

    Соттун чечими: сот алиментти өндүрүү жөнүндө чечим чыгарат, анда алименттин өлчөмү жана төлөө тартиби көрсөтүлөт.

  • Аткаруу баракчасын алуу: соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу баракчасын колго алуу керек.
  • Сот аткаруучулар кызматына кайрылуу: аткаруу баракчасы соттун чечимин аткаруу үчүн сот аткаруучулар кызматына берилет.
  • Арыз ээси сот аткаруучулар кызматы аркылуу чечимдин аткарылышына көз салууга жана эгер чечим аткарылбай жатса, даттанууга укуктуу. 

  • Алименттин өлчөмү: алименттин өлчөмү туруктуу акчалай суммада же соттолуучунун кирешесинин пайызында белгилениши мүмкүн. Алименттин өлчөмү ай сайын бир балага соттолуучунун иш жүзүндөгү эмгек акысынын же кирешесинин 25%ын, эки балага – 33%, үч же андан көп балага 50%ды түзөт. 

    Төлөм шарттарын өзгөртүү: тараптардын кирешесине же баланын муктаждыктарына таасир эткен жагдайлар өзгөрсө, алимент шарттары өзгөрүшү мүмкүн.

    Доогер алимент өндүрүүдө мамлекеттик алымдан бошотулат

    Доо арыздын көчүрмөсү жоопкердин жашаган жерине почта аркылуу жөнөтүлгөнүн ырастоочу документтер доо арызга тиркелиши керек. 

    Алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тарткан учурда (үч айдан ашык системалуу түрдө аткарылбаса же толук эмес көлөмдө аткарылса) доогер алимент төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.




    Окшош суроолор