Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Ажырашкан жубайлардын балдары ким менен калат?

ID1262
Көрүүлөр: 161
Актуалдуу: 19-04-2024
QR Code

Ата-энеси ажырашкан учурда балдардын жашай турган жерин аныктоо – татаал процесс, мында балдардын кызыкчылыгы, бакубаттыгы биринчи орунга чыгат. Балдар ким менен каларын ата-эне өз ара макулдашып же сот аркылуу аныкташат.

Ажырашып жаткан ата-эне балдар мындан ары ким менен жашай турганы боюнча бир пикирге келе алса, анда макулдашууну жазуу жүзүндө түзүш керек.

Жазуу жүзүндөгү келишимде бала ким менен жашай турганын, бөлөк турган атасы (энеси) менен кайсы убакта жана кандай жол менен жолушугуп турарын, ошондой эле баланын тарбиясы менен билимине байланыштуу башка жагдайларды көрсөтүш керек.

Келишимди нотариалдык күбөлөндүрүү шарт эмес, бирок күбөлөндүрүлгөн документтин юридикалык салмагы артарын эске алыңыз. 

 Ажырашуу доо арызына кошуп балдардын жашаган жерин аныктоо үчүн доо арызды берсеңиз болот. Анда балдар ким менен каларын көрсөтүп, эне-атанын келишимин тиркейсиз. 

Белгилей кетсек, сот 10 жаштан өйдө баланын пикирин сөзсүз угат жана анын кызыкчылыгын, пикирин эске алуу менен чечим кабыл алат.

Эгер ата-эне өз алдынча макулдаша албай жатса, анда эне да, ата да жашаган жери боюнча сотко доо арыз менен кайрыла алат. 

Доо арызда ата-эненин, баланын маалыматтары, бала ким менен кала турганы боюнча сунуш көрсөтүлөт. Доо арыздын үлгүсү макаланын ылдыйына тиркелген, жүктөп алсаңыз болот. 

Доо арызга төмөндөгү документтер тиркелиши керек:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • киреше тууралуу маалымкат;
  • баланын окуган жеринен маалымкат, мектептен ата-эненин жүрүм-туруму боюнча баалоону, күбө катары көрсөтмөнү да алса болот;
  • балдарды коргоо органынын үй-тиричилик шарттарын текшерүү актысы;
  • сиз менен калуу бала үчүн мыкты чечим болорун ырастаган башка далилдер, мисалы, иштеген жериңизден сизге берилген мүнөздөмө. 

Керектүү далилдер ар учурга карап айырмаланышы мүмкүн. Айталы, эгер атасы же апасы балага зомбулук көрсөтүп жүрсө, же болбосо атасы апасына зомбулук көрсөткөн болсо, милициядан, балдарды коргоо органдарынан алынган документтер абдан маанилүү болот. Бул коргоо ордери, кылмыш ишин корзгоо тууралуу чечим ж.б. болушу ыктымал. 

Сот баланы ким менен калтыруу боюнча чечим кабыл аларда төмөнкү жагдайларды эске алат: 

  • баланын ата-энесине, бир туугандарына эмоционалдык жактан байланышы;
  • баланын жашы;
  • ата-энесинин жеке мүнөздөмөлөрү;
  • баланын атасы менен, энеси менен мамилеси;
  • ата-энесинин баланын тарбиялап-өнүктүрүүгө шарт түзө алышы;
  • ата-энесинин кесиптик ишмердүүлүгү, алардын иш графиги;
  • материалдык абалы жана үй-бүлөлүк жагдайлары.

Сот 10 жаштан өткөн баланын пикирин сөзсүз угат жана анын кызыкчылыгын эске алуу менен чечим кабыл алат. 

Жубайлар кайсы өлкөдө жашаса, маселе ошол өлкөнүн мыйзамдары боюнча чечилет.

Эгерде ата-эне менен балдар чогуу турбаса, анда баланын жарандыгы кайсы өлкөгө таандык болсо, ошол өлкөнүн мыйзамдары менен иш жүрөт.

Мындай учурда эл аралык соттук чечим талап кылынып калышы мүмкүн, ошондуктан эл аралык үй-бүлөлүк укукка адистешкен юристтен кеп-кеңеш керек. 

Атанын же эненин өз үйү, кирешеси жок болсо, ал автоматтык түрдө баланы өзүнө алуу укугунан ажырайт дегенди түшүндүрбөйт.

Бирок сотто ижарага алынганбы же туугандарыңыздын жанындабы, иши кылып жашай турган жериңиз бар экенин ырастоо абдан маанилүү.

Ошондой эле сизге колдоо көрсөтчү булактарды көрсөтүңүз, жумушка орношуу планыңыз тууралуу айтыңыз. Мунун баары соттун алдында сиздин абалыңызды бекемдейт. 

Бала өз жашоосу тууралуу пикирин айтууга укуктуу. Адатта 10 жаштан тарта соттор менен баланын укугун коргогон органдар чечим кабыл аларда баланын пикирине артыкчылык беришет. Кээде онго толо электердин да пикири эске алынат, мындайда баланын эркин баалаш үчүн психологдор тартылат. 

Бирок бала атасынын же апасынын басымы менен бир чечимге келип жатат дегенге негиз болсо, сот баланын эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп кое алат. Мындай учурда кошумча баалоолор өткөрүлүшү мүмкүн. Бала манипуляцияга илинбей, чыныгы сезимин жана кызыкчылыгын көрсөтүп жатканын кепилдеш үчүн психологдор же социалдык кызматкерлер тийиштүү чараларды көрөт. 

Соттук-психологиялык жана психиатриалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко кайрылса болот. Ошондо атасынын же апасынын балага таасирин, басымын кесипкөйлүк менен бааласа болот.

Сизде ишенимдүү далилдер болсо, мисалы, атасы (апасы) балага басым көрсөтүп жатканы тартылган видео болсо, анда анын ата-энелик укугун чектөө боюнча доону сотко бере аласыз. 

Андан сырткары балага байкоо жүргүзүп, маектешүү үчүн балдар психологун, социалдык кызматкерди тартууну соттон сурана аласыз. 

Соттун баланы сизге калтырган чечими болсо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө сот аткаруучуларга өткөрүлгөн болсо, анда сиз токтоосуз түрдө сот аткаруучуга кайрылыңыз. 

Болгон окуя боюнча милицияга, баланы коргоо органдарына кечиктирбей кабарлаңыз. Муну менен баланын коопсуздугун камсыздап, аны артка кайтарууга болот. 




    Окшош суроолор