Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Ата-эне бой жеткен баласынан кантип алимент өндүрө алат?

ID1048
Көрүүлөр: 160
Актуалдуу: 08-04-2024
QR Code

Эмгекке жарамдуу, эрезеге жеткен балдар эмгекке жарамсыз жана жардамга муктаж ата-энесин багууга, аларга кам көрүүгө милдеттүү. 

Алимент төлөө жөнүндө ата-эне менен бала өз ара макулдашып алса болот.

Эгер тараптар келише албаса же келишкен шарттар аткарылбаса, анда ата-эне сотко кайрыла алат. Мында эки жол бар. Биринчиси – сотко доо арыз менен кайрылуу, экинчиси – соттун буйругун берүү жөнүндө арыз.

Соттун буйругун берүү процессти бир топ жөнөкөйлөтөт, себеби буйрук жоопкердин (биздин учурда баланын) катышуусуз эле чыгарылат. Бирок тобокелчилик жагын эске алыңыз. Жоопкер “отурум тууралуу мен бейкабар калдым” деп чечимдин үстүнөн даттанышы ыктымал. 

  • Сот тараптардын материалдык жана үй-бүлөлүк абалын, ошондой эле башка маанилүү жагдайларды эске алуу менен алименттин өлчөмүн аныктайт. Алимент ай сайын туруктуу акчалай суммада төлөнөт.
  • Доогер айлык албаган болсо, ошол аймактагы орточо эмгек акыны эсептөө менен алимент өндүрүлөт.

Алиментти өндүрүү аткаруу баракчасынын, соттун буйругунун же алимент төлөө жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.

Бул документтер сот аткаруучулар бөлүмүндө катталгандан кийин жүзөгө ашырылат. Сот аткаруучу жоопкерге алиментти ыктыярдуу төлөө жөнүндө сунуш жиберет, баш тартса, белгиленген тартипте мажбурлап аткартууга киришет.

Ат-эне кайсы баласына талап койгонуна карабай, сот эмгекке жарамдуу, бойго жеткен бардык балдарды эске алат.

  • Эгерде доогер ата-эне өзүнүн (ата-энелик) милдетинен баш тартканы далилденсе, балдар ата-энесин багуу милдетинен бошотулушу мүмкүн.
  • Эгерде доогер ата-эне өзүнүн (ата-энелик) укугунан ажыратылган болсо, балдар алимент төлөөдөн толук бошотулат.
  • Ата-эне катуу ооруп калганда же башка өзгөчө жагдайларда балдар соттун чечими боюнча кошумча чыгымдарды көтөрүүгө тартылышы мүмкүн.
  • Сот бардык тараптардын материалдык абалын жана башка маанилүү жагдайларды эске алуу менен, балдардын ар бири кошумча чыгымдарды кандайча жана канча өлчөмдө көтөрөрүн аныктайт.
  • Кошумча чыгымдардын тартиби жана өлчөмү тараптардын ортосундагы келишимде да белгилениши мүмкүн.




    Окшош суроолор