Асырап алынган баланын жеке жана мүлктүк укук-милдеттери өз баланыкындай болот, эч кандай айырма жок.
Баланы багып алуучулар жана анын туугандары, багылып алынган бала жана анын укум-тукуму каны-теги бир болгон туугандардай эле укук-милдеттерге ээ болушат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, асыранды балдар мыйзам боюнча мурас алууга укуктуу жана асырап алуучулардын биологиялык балдары менен бирдей биринчи кезектеги мураскорлор болуп саналат.
Ооба, асырап алуучу адам мыйзамдуу өкүл катары 14 жашка чейин асыранды баланын атынан бүтүм (сделка) жасай алат.
14 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн асырап алуучулар кайсы бир ишти бүтүрүүгө, айталы, келишим түзүүгө макулдугун беришет.
Адатта биологиялык ата-эне менен укуктук мамилелер асырап алгандан кийин токтотулат. Эгерде асырап алынган баланын биологиялык ата-энесинин бири каза болуп калса, бала ошол ата-эненин туугандарына карата укуктарын жана милдеттерин алардын каалоосу боюнча жана баланын кызыкчылыгында сактап кала алат.
Баланын биологиялык туугандары менен мамиленин сакталышы жөнүндө асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде көрсөтүлүүгө тийиш
Асырап алынган балдар биологиялык ата-энелерине жана алардын туугандарына карата бардык укуктарын жана милдеттерин жоготот.
Бирок асыранды бала өзүнүн биологиялык ата-энеси каза болгондон кийин ага тиешелүү пенсия жана башка жөлөк пулдарды алуу укугун сактап калат.