Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жумушка сыноо мөөнөтү менен кабыл алышты. Эмнелерди билишим керек?

ID1382
Көрүүлөр: 148
Актуалдуу: 30-04-2024
QR Code

Жаңы кызматкер жумушун эптей алгыдайбы? Ага мындагы шарттар туура келеби? Сыноо мөөнөтү – иш берүүчү менен жаңы кызматкер бири-бирин баалап-сынаган учур. 

Бул мезгилде атайын эрежелер колдонулат, мисалы, жумуш берүүчү сыноодогу жумушчуну иштен бошотсо, ага тийиштүү жөлөк пулду төлөбөйт. Жумушчу кетем десе, эки апта мурун эскертүү бериш керек деген милдеттерге байланган эмес. Ушул жана башка жагдайларга кенен токтололу. 

Кызматкер жаңы жумушка киргенде сөзсүз түрдө сыноо мөөнөтүнөн өтүшү керек деген так эреже жок. Эгерде келишимде сыноо мөөнөтү тууралуу айтылбаса, анда кызматкер жумушка кабыл алынды деп эсептелинет. 

Адатта эмгек келишиминде сыноо мөөнөтү төмөнкүдөй көрсөтүлүшү мүмкүн:

“Кызматкердин ээлеген кызматка ылайыктуулугун текшерүү максатында сыноо мөөнөтү белгиленет. Сыноо мөөнөтү – 3 ай. Кызматкер жумуш ордунда жок болгон күндөр эсепке алынбайт”. 

Эмгек кодекси сыноо мөөнөтүнүн максималдуу узактыгын гана чектеген. Демек, иш берүүчү сыноону ошол мөөнөттөн ашпагандай кылып аныктай алат. 

Сыноо мөөнөтү эң узарып кеткенде төмөндөгү чектерден ашпашы керек:

  • Жалпы шарттарда: 3 ай.
  • Мекемелердин жетекчилери, башкы эсепчилер, алардын орун басарлары, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери үчүн: 6 ай.

Кызматкердин өргүүдөгү же сыркоолоп калгандагы күндөрү эсепке алынбайт. Мисалы, сыноо мезгилинде кызматкер 5 күн ооруп калса, сыноо мөөнөтүнө ошончо күн кошулат.

  • 18 жашка чейинкилерге.
  • Майыптыгы бар адамдарга. 
  • Акы төлөнүүчү шайлануучу кызмат орундарына шайланган адамдарга.
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүнөн сырткары эмгек мыйзамдарына жана башка ченемдерге ылайык өткөрүлгөн конкурс боюнча кызмат орундарын ээлеген адамдарга.
  • Иш берүүчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча башка иш берүүчүгө которулган кызматкерлерге.
  • 2 айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн кызматкерлерге.
  • Мыйзамдарда белгиленген башка учурларда.

Сыноодогу кызматкер кесиптештери сыяктуу эле укуктарга жана милдеттерге ээ. Эмгек келишими жумуштун биринчи күнүнөн баштап түзүлүшү керек. Эгерде иш берүүчү келишимге сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин гана кол коюлат деген болсо, анда ал мыйзамды бузган болот. Сыноодогу кызматкер менен башкалар сыяктуу эле үч күн ичинде келишимди түзүшү керек.

Сыноодо болгон үчүн эле жаңы кызматкердин башына иштин баарын үйүп коюу туура эмес. Ал өз милдеттерин гана аткарат, укуктары башкалардыкынан кем эмес. 

Эмгек акыга келсек, сыноо мезгилинде кызматкердин маянасы кадимки шартта белгиленчү суммадан аз болбойт.

Эгерде кызматкер сыноо мезгилинде бул жерде иштегим келбейт деп чечсе, анын жумуштан кетүү процедурасы бир топ жеңил.  

Негизи кызматкерлер жумуштан кетем десе 14 күн мурун жетекчиликке билдириши керек. Ал эми сыноодогу кызматкер үчүн бул мөөнөт болгону 3 күн. 

Эгерде жумуш берүүчү менен макулдаша алса, сыноодогу кызматкер 3 күнгө жетпей деле иштен кете алат. 

Кызматкер сыноодон өтпөй калса, иш берүүчү аны иштен кетире алат. Бирок сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин гана ушундай чечим болсо, анда ал кызматкерди жалпы шартта иштен бошотот, демек, тийиштүү компенсацияларды кошо төлөгөнгө милдеттүү болот. 

Жетекчи иштен алуу чечимин кызматкерге үч күн мурун жазуу түрүндө эскертиши керек жана мындай чечимге эмне себеп болгонун түшүндүрүшү кажет.

Эгерде кызматкер бул чечимге макул болбосо, анда ал сотко кайрыла алат. 

Мыйзамда сыноодон өтүүнүн анык бир талаптары белгиленген эмес, андыктан жаңы кызматкер мекеменин ички эрежелерине, документтерине көңүл бурушу керек. 

Жумуш боюнча нускама: Бул документ тигил же бул кызматык орун боюнча милдеттердин тизмесин камтыйт. Жаңы кызматкер дароо нускама менен тааныштырылышы керек. Ошол нускамада көрсөтүлбөгөн жумуштарды жаса деп мажбурлоо, жасабаган учурда ага таянып иштен алуу мыйзамыз. 

Ишканадагы жоболор: Ири компанияларда сыноо мөөнөтү боюнча атайын жобо болушу мүмкүн. Ал “сыноо мөөнөтү ийгиликтүү өттү” деп эсептелген шарттарды ийне-жибине чейин сүрөттөйт. Башка документтерде баяндалган ички эмгек эрежелерин сактоо да маанилүү.

Тапшырмалардын планы: Сыноо мөөнөтүн баалоо үчүн расмий документтери жок чакан компанияларда төмөнкү маселелерди алдын ала талкуулап, жазуу жүзүндө бекемдеп алган жакшы: 

  • Сыноо мезгилинде кандай тапшырмаларды аткарыш керек;
  • Жумуш берүүчү кызматкерден кандай жыйынтыкты күтөт;
  • Сыноо мөөнөтү ийгиликтүү өттү деш үчүн кандай шарттар аткарылышы керек.

Демек, сыноо мөөнөтүнөн ийгиликтүү өтүш үчүн кызматкер биринчи кезекте андан эмнени талап кылып, кандай жыйынтыкты күтүп жатышканын түшүнүп алышы кажет.




    Окшош суроолор