Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Поликлиникага (ҮМБ) кантип катталса болот?

ID743
Көрүүлөр: 202
Актуалдуу: 19-03-2024
QR Code

Кыргызстанда алгачкы медициналык жардамды поликлиникалар же азыркы аталыштагы төмөндөгү мекемелер көрсөтөт:

  • ФАП (фельдшердик-акушердик пункттар);
  • ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору);
  • ҮМБ (үй-бүлөлүк медицина борборлору);
  • ЖДПБ (жалпы дарыгердик практика борборлору).

Көңүл буруңуз! Эгерде жаран ушул мекемелердин бирине каттоого турбаса, анда медициналык тейлөө үчүн прейскурантта көрсөтүлгөн акыларды толугу менен төлөйт. Поликлиникада каттоосу жок болсо, жарандын жеңилдик алууга укугу да жардам бере албайт. 

2023-жылы Саламаттык сактоо министрлиги калктын поликлиникаларга каттоого туруу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрдү. Мурдагыдай жашаган же катталган жериңе карап каттоого алуу, “справка алып кел” деген талаптар азыр жок. Сиз каалаган поликлиникага каттоого тура аласыз. Зарыл болсо, катталган жайыңызды ар квартал сайын алмаштырууга укуктуусуз. 

Каттоого туруш үчүн бир гана документ керек. Паспорт же жеке идентификациялык номуруңузду камтыган башка документти алып, тандаган поликлиникаңызга кайрыласыз.




    Окшош суроолор