Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптыгы бар баланын/чоң адамдын жеке жардамчысы болуш үчүн эмне кылыш керек?

ID573
Көрүүлөр: 178
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code
  • Үй-бүлөдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала жана/же бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам (18 жаштан жогору) бар.
  • Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын “башка бирөөнүн туруктуу камкордугуна муктаж” же “башка бирөөнүн туруктуу камкордугуна жана көзөмөлүнө муктаж” деген корутундусу бар.

Төмөндөгүлөр жеке жардамчы боло алышат: 

  • ата-эне,
  • мыйзамдуу өкүл (асырап алуучулар, камкорчулар),
  • жакын туугандар (чоң ата, чоң эне, бир туугандар же аталаш/энелеш бир туугандар, асыроочу ата-энелер), 
  •  65 жаштан ашпаган башка адамдар, аларда майыптык же балдарга карата кылмыштар боюнча соттуулук болбошу керек.

Жеке жардамчы болууга талапкер адам атайын окуудан өтүшү керек. Окутуу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

Балага:

  •  медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын “башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаж” же “башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж” деген кыстырмасы бар маалымкатынын жана жекече реабилитациялоо программасынын көчүрмөсү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулган аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту (аймактык бөлүм тарабынан суралат);
  •  баланын жана/же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн же паспортунун (ID-картасынын) көчүрмөсү.

 

Жеке жардамчыга:

  • саламаттыкты сактоо уюму тарабынан берилген психикалык оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттын көчүрмөсү;
  • соттолгон эмес деген маалымат кат (ата-энесинен башка кишилер үчүн);
  • жашаган жеринен маалым кат;
  • паспорттун көчүрмөсү (ID-карта);
  • банктагы эсеби.

Мекемеде сизге арыз формасы берилет, аны толтуруңуз.

Документте:

  • арыз ээси менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жана/же адамдын ортосундагы тууганчылык формасы, 
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жана/же адамдын жашоо шарттары,
  • киреше булактары көрсөтүлүүгө тийиш.

Эгерде арызды толтурууда кыйынчылыктар болсо, кызматкерлер сизге кеңеш беришет.

Аймактык бөлүм берилген документтердин негизинде 5 жумушчу күндүн ичинде чечим кабыл алат:

а) арыз ээсин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистенти катары дайындоо жөнүндө буйрук чыгарат;

б) жеке асисстент кылып дайындоодон баш тартат, бул учурда сизге себебин түшүндүрүп беришет.

Ошентип, колуңузда “жеке жардамчы болуп дайындалуу” жөнүндө буйрук бар. Кийинки кадам – келишим түзүү. Келишим ассистенттин ыктыярдуу патенти жана кийинки айга камсыздандыруусу болгондо түзүлөт. Райондук эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жеке жардамчыга патент жана полисти өздөрү сатып алышат. Бул иш республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Башкача айтканда, персоналдык ассистент эмгек акынын толук көлөмүн алат жана келечекте персоналдык ассистент (атап айтканда, ата-энелер) пенсия менен камсыз болууга укуктуу.

Келишим бир жылга түзүлөт, эгерде жардамчынын кызматы дагы деле керек болсо жана эки тарап тең макул болсо, кийин келишим дагы бир жылга узартылышы мүмкүн. Келишим үчүн керектүү документтер эки жылда бир жаңыланып турат.

Көңүл буруңуз: эгерде үй-бүлөдө ата да, эне да жумушсуз болсо жана МСЭКтин “камкордукка муктаж” деген корутундусу бар эки баласы болсо, анда алардын ар бири жеке ассистент боло алышат жана өз-өзүнчө айлык алышат. Эгерде бир үйдөгү эки майып кишиге тең бир эле жардамчы дайындалса, анда биринчи бала үчүн акы 100%, экинчи балага 50% өлчөмдө  чегерилет. 

Жеке жардамчы айлык акысын ай сайын банк же почта аркылуу алат. Төлөм келишимге кол коюлгандан кийинки айдан башталат. Бийик тоолуу жана алыскы аймактар үчүн кошумча акы төлөнбөйт.

2024-жылы персоналдык ассистенттин айлыгы 6 268 сомду түздү.

Көңүл буруңуз: эгерде ассистент жана анын камкордугундагы бала өлкөдөн убактылуу чыгып кетсе (6 айга чейин), ассистент бул тууралуу тиешелүү мекемеге алдын ала билдириши керек. Эгерде келишимдин бардык шарттары сакталса жана керектүү документтер болсо, төлөм улантылат. Эгер жардамчы өзү өлкөдөн чыгып баратса, анда анын ордуна убактылуу жардамчы дайындалат. 

Майыптарды багуу боюнча сиздин ишиңизге социалдык камсыздоо органдары тарабынан ай сайын жана квартал сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Алар баланын физикалык жана психомотордук өнүгүшүн, сырткы көрүнүшүн, жеке жардамчынын камкордукка алынган бала жана үй-бүлө менен болгон мамилесин карашат.

Сиздин милдеттериңиз боюнча көрсөтмө:

  • Тренингден өтүңүз: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балага же чоң кишиге кантип кам көрүүнү үйрөнүш үчүн атайын окуудан өтүңүз. Окутууну жергиликтүү бөлүм сунуштайт.
  • Сапаттуу кам көрүү: Сиздин милдетиңиз – сизге ишенгендерге жоопкерчиликтүү кам көрүү.
  • Медициналык көрсөтмөлөрдү аткарыңыз: адистердин жеке реабилитациялоо планында көрсөтүлгөн медициналык сунуштарды жана талаптарды ар дайым сактаңыз.
  • Коопсуздукту камсыз кылуу: сиз багып жаткан адамдын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылыңыз.
  • Адаптацияга жана интеграцияга көмөктөшүү: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баланын же чоң кишинин коомго аралашуусуна жардам бериңиз. 




    Окшош суроолор