Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптык боюнча пенсияны кантип алса болот?

ID557
Көрүүлөр: 199
Актуалдуу: 22-04-2024
QR Code

Майыптык боюнча пенсия майып болуу себептерине карабастан, адам эмгекке жарактуулугун толук жоготкон жана майып деп табылган учурда белгиленет. Эмгекке жарактуулугу калыбына келгенге чейин же өмүрү өткөнчө берилет. Камсыздандырылган, майып деп табылган адамдар майып болгон мезгилге карата: 

  • 23 жашка толо элек, камсыздандыруу стажы 1 жыл болсо;
  • 23 жаштан 26 жашка чейин, камсыздандыруу стажы 2 жыл болсо;
  • 26 жаштан 31 жашка чейин , камсыздандыруу стажы 3 жыл болсо;
  • 31 жаштан жогору, камсыздандыруу стажы 5 жыл болсо, майыптыгы боюнча пенсия алууга укуктуу.
  • Паспорт (Качкын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн — качкындын күбөлүгү; Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн — жашап туруу укугуна берилген уруксат).
  • Майыптык тобу жөнүндө МСЭКтин маалымкаты.
  • Эмгек китепчеси.
  • 1996-жылдын 1-январына чейин 60 ай катары менен эмгек акы жөнүндө маалымкат. 
  • Пенсия күбөлүгү үчүн эки 3х4 см сүрөт.
  • Эгерде сизде камсыздандыруу стажын тастыктаган башка документтер болсо, мисалы, жогорку же орто атайын билим жөнүндө диплом (1999-жылдын 19-февралына чейин окуу),
  • Аскердик билет.
  • Аялдар үчүн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, нике же ажырашуу тууралуу күбөлүк, башка фамилияга документтер да керек болушу мүмкүн. 
  • Төмөнкү банктардын биринде эсеп болушу керек: • “Кыргызстан коммерциялык банкы” • “Азия Банкы” • “Компаньон Банкы” • “Бакай Банк” • “Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк”, • “РСК Банк”, • “Айыл Банк”, • “Керемет Банк”, • “Бай-Түшүм”Банкы.
  1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – https://portal.tunduk.kg/ 

Электрондук кызматты онлайн режиминде кантип алса болот:

  1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына катталуу;
  2. Кызмат көрсөтүүлөр каталогунан каалаган кызмат көрсөтүүнү тандоо;
  3. Кызмат көрсөтүүнү алууга өтүнмөнү тариздөө;
  4. Жеке кабинеттеги «Алынган кызматтар» бөлүмүнөн кайрылууңуздун макамын карап турсаңыз болот. 

Көңүл буруңуз: бийик тоолуу аймак, шарты катаал деген негизде коэффициент кошулчулар тийиштүү аймактык бөлүмгө жеке өзү кайрылышы керек. 

  1. Жеке кайрылуу. Чогултулган документтерди алып,  Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз жазыңыз. Бөлүмдөрдүн даректерин шилтеме боюнча көрсө болот: https://mlsp.gov.kg/ru/spravochnik-mtsr/

Чечим арыз берилгенден кийин 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Кандай чечим чыгышы мүмкүн:

  • майыптыгы боюнча пенсияны дайындоо;
  • пенсияны дайындоодон баш тартуу, бул учурда сизге себептерин жана даттануу жолдорун түшүндүрүп беришет. 
  • кошумча документтерди суроо, бул учурда сиз суралган кагаздарды 3 айдын ичинде тапшырыңыз керек. 

Дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, банктар ар бир айдын 10-күнүнөн тарта пенсияны которо башташат. Сиз болсо акчаны каалаган убакта ала аласыз. 

Майыптыгы боюнча пенсияны чегергенде үй-бүлөнүн кирешеси эсепке алынбайт. Пенсиянын суммасы мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана экономикага карап маал-маалы менен аныкталып турат. 

2024-жылы майыптык боюнча пенсиянын өлчөмү төмөнкүдөй:

1-топ – 5500 сом;

2-топ – 3000 сом;

3-топ – 2000 сом.

 




    Окшош суроолор